Биз менен байланышыңыз

УКМК Стамбулдагы экс-консул Сопоковду камакка алды

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 579 | 0

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковду камакка алды. Экс-консул 28-ноябрда суракка чакырылып, андан соң камакка алынганын УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Сопоков Стамбулда атылып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу камакка алынган.

Саймаитини 10-ноябрда кафеде отурган жеринен белгисиз киши атып кеткен. Ал өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Range Rover» үлгүсүндөгү унаа Эркин Сопоковго таандык экендиги, автоунаага тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгону ачыкка чыккан. Ушул окуядан соң, 11-ноябрда Сопоков кызматтан бошотулган.

Сопоковдун кармалышы «Азаттык» радиосу жана «Kloop» сайты жарыялаган коррупция тууралуу иликтөө менен байланышы бар. Ошондой эле, Сопоковдун үстүнөн Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» өңдүү бир катар беренелер боюнча да иликтөөлөр жүргүзүлүүдө, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүнө.

Copyright © 2017 Maral FM