Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт берген убадаларын аткарууга негиз жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2021 | 683 | 0

Жаңы өкмөттүн түзүмү, программасы кыска мөөнөттө каралды. Мүмкүн баары шайлоо алдында чечилген маселедир. Премьер-министр Улукбек Марипов 3 күндө программасын жаза албайт. Мындай пикирин мамлекеттик жана коомдук ишмер Алманбет Матубраимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн айлык акыларды көбөйтүү, калкты жакырчылыктан чыгаруу сыяктуу берген убадаларын аткарууга негиз жок. Элди үмүттөндүрүп берген анты аягына чыкпайт.

«Бүгүн «өнүгүп кетебиз, мамлекетти гүлдөтөбүз», — деген болбогон нерсе. Экинчиден, оптимизация сөзү модага айланды. Марипов кыскартуулар боюнча так жооп бере алган жок. Эгерде программасы даяр болсо, мамлекеттик система ишке кириши керек эле. Эң негизги милдетти Мариповго жүктөп жатышат. Аракеттеги Конституция боюнча президент Садыр Жапаровдун экономикалык маселелерге кийлигишүүгө укугу жок», — дейт Матубраимов.

Ал Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамы, программасы үчүн жооп бериши керектигин белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM