Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Көпчүлүк элчиликти 3-4 жылдык эс алуу катары сезет

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2019 | 441 | 0

Саясий жана коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстандын дипломаттары чабал иштеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, айрым мамлекеттер менен байланыш солгундап кеткен. Көпчүлүк элчилик кызматты 3-4 жылдык эс алуу катары сезүүдө.

Кээ бир элчилер жакшы маяна алып, туугандарын, балдарын окутуп келишет:

-Дипломаттарда «мынча инвестиция тартты, ушул өлкө менен эл аралык мамилени өзгөрттү» деген мамиле болбой жатат. Мамлекеттик кызматтан кеткен адамды бир жакка элчи кылып дайындап коюу уланууда. Өкмөт аралык келишимдер жок мамлекеттерде да биздин элчилер бар. Элчилер мамлекеттин талабын коюп, кызыкчылыгы коргой алышы керек, — дейт Матубраимов.

Ал мындан сырткары, тарыхта оппозицияда жүргөн, мамлекетик кызматтан кеткен кишилердин басымдуу бөлүгүн жок жерден элчи кылып дайындалып жөнөтүлгөн саясаттын боло келгендигин эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM