Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Саясий кризис жасоо аракеттери бар

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июл 2019 | 623 | 0

Мамлекеттик ишмер Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги азыркы кырдаал өлкөдө саясий пикир жарата албай турганын билдирди

Анын айтымында, «жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей аракеттер болуп жатат. Учурда саясий кризис жасоо аракеттери бар.  Бирок андай болбойт, анткени, кыргыз эли түшүндү.

Матубраимов 2010-жылы өткөн референдумда эл мыйзамдуулук орун алып, тынчтык орношу үчүн гана Конституцияны окубай туруп шайлоого катышканын айтып, бирок Убактылуу Өкмөт Конституциясынын акырына чыгып, 5 жыл толук иштей албай, күч менен өзгөртүүлөрдү киргизгенин сынга алды.

Өлкө тарыхында мансап, акча табууну көздөгөн балдар алынып келинип, эки жолу революция болду.

«Бирок мен аны революция катары эсептебейм. Анткени, коомдо өзгөрүү болгон жок. Эки топ ээлеп алды, эми үчүнчү жолу аракет кылууда. Себеби, милдетин аткарып кеткен президентке эмне жетпейт? Мамлекеттик символдо турган адамдарды шылдыңдоодон, күн сайын кайрылуу жасоодон жаман эч нерсе жок. Көрө албастык — эң жаман оорулардын бири. Коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бирок паракорчулукту бүгүн эле жоюп коюу оор. Азыр бийлик, байлык талашуу жүрүүдө», — дейт Матубраимов.

Copyright © 2017 Maral FM