Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Тиреш күчөй берет

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июл 2019 | 576 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аттанып алган соң ооздуктоого мүмкүн эмес. Тиреш күчөй берет. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнү түндүк, түштүккө бөлүү саясатчылардын гана максаты. Мындан улам, Кыргызстанды түндүк, түштүк деп бөлгөндөрдүн баарын жоопко тартуу зарыл.

«Атамбаев 6 жылда эмне кылды? Экономикалык өзгөрүү болдубу, же бир имарат салдыбы? «Газпромду» 1 долларга сатып, Жерүйдү берип кетти. Өлкөнү өтө татаал насыяларга батырып кетти. Учурда экономикалык абалыбыз абдан начар. Муну колдонуп, митингдин негизинде бийликке келебиз деп, азыртан кызматтарды бөлүштүрүп жатышат. Мындан улам, бийлик катуу айтылган нерселерди жоопко тартышы шарт», — дейт Матубраимов.

Copyright © 2017 Maral FM