Биз менен байланышыңыз

«Бийлик бутактары бири-бирине үстөмдүк кылууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июл 2019 | 741 | 0

Бийлик бутактары биргелешип, ырааттуу иштегендин ордуна бири-бирине үстөмдүк кылууда. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз эли 29 жылдан бери системалык кризис менен келе жатат. Эл өкүлдөрүнүн санын кыскартуу керек. Парламенттеги коалициялык көпчүлүк мамлекеттик бийликти толугу менен узурпациялады.

Парламенттин бир да жоопкерчилиги жок. Өкмөт тараганда, коалициялык көпчүлүк да тарашы керек. Анткени, алар өздөрүнүн миссиясын аткара алган жок. Парламент таркашы керек, бирок азыр өлкө шайлоо өткөрүүгө даяр эмес.

«Өкмөткө тийиштүү багытты түшүнүп иштей турган адамдар келсе, такыр башкача болмок. Мамлекет — кедей, эл — ортоңку катмарда. Өлкөдө өнүгүү деген маселе көтөрүлбөй жатат. Мындан улам, ЖК өзү бекиткен өкмөттү коргоп жатат», — дейт Матубраимов.

Copyright © 2017 Maral FM