Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Күзүндө бийлик бутактары элге жооп бериши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июл 2020 | 1332 | 0

Сентябрь, октябрь айларында президент Сооронбай Жээнбеков, парламент, өкмөт эл алдында жооп бериши керек. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт сырттан келген акча боюнча элге так маалымат берип турушу керек.

-Өкмөт парламентке жооп берет. ЖК менен өкмөт чогулуп, президент менен элдин астында жооп берет. Анткени президентти да эл шайлаган. Ошондуктан Жээнбеков да катуу сураса керек, — дейт Жапаров.

Ал белгилегендей, аткаруу бийлиги сырткы карыздарды төлөөгө пландаган каражатты коронавирус менен күрөшүүгө жумшашы керек. Анын ичинен Ош менен Бишкек шаарына 1 миң, ири шаар, облустарга 200-500 орундуу оорукана салуусу кажет.

Copyright © 2017 Maral FM