Биз менен байланышыңыз

«Бийлик бутактары чогуу иштөөнүн ордуна бири-бирин күнөөлөп келүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2019 | 462 | 0

Бийлик бутактары чогуу иш алып баруунун ордуна актанып, бири-бирин күнөөлөп келүүдө. Мындай пикирин саясий жана коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди:

-Аткаруу, Мыйзам чыгаруу, Сот бийлигинен сырткары Президенттик бийлик да бар. Андыктан аткаруу же мыйзам чыгаруу системасында бир киши жоопкерчиликтүү болушу керек. Кыргызстанды элдин 0,1 пайызы башкарып жатат. Тагыраагы, өлкөнү финансысы мыкты кишилер башкарууда. Ошондуктан, жеке кызыкчылыкка ооп бара жаткан нерселер көп, — дейт Матубраимов.

Ал мындан сырткары, ката кетирген мамлекеттик кызматкер жумуштан четтетилип, бирок, алардын бири да жоопкерчиликке тартылбаганын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM