Биз менен байланышыңыз

«Жээнбеков келип,бийлик бутактары кыска мөөнөттө ирээтке келди»

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 693 | 0

Мурунку премьер-министр Темир Сариев “Марал” радиосуна берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков жыл ичинде тышкы саясатта туруктуулукту кармап турганын билдирди.

Анын айтымында, Жээнбековдун келиши менен бийлик бутактары кыска мөөнөттө ирээтке келген.

Сариев 2018-2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын кабыл алынышын, эгемендүүлүк күнүнө жана парламенттин 80 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага бардык саясатчылардын чакырылышын президенттин жетишкендиктери катары баалайт.

«Жаңы саясий, коомдук маданият сунушталууда. Биз буга чейин Акаевчил, Бакиевчил, Атамбаевчил деп бөлүп келдик. Ал эми Жээнбеков мындайдан кетти. 31-августта Эгемендүүлүк күнүндө баарын чакырды. Парламенттин 80 жылдыганда мурунку саясий элита чогулуп, бири-бири менен сүйлөшүп жатты. Бул дагы президент тарабынан сунушталган багыттардын бири», — дейт Сариев.

Ал буга кошумча, оппозиция жок болсо, бийлик өзү түзүп алышы керек экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM