Биз менен байланышыңыз

Токтакунов: Президент Исаковдун ишине таасирин тийгизет

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Фев 2019 | 899 | 0

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун соттук иштеринин чечимдерине президенттин таасир чоң болот. Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамда презденттин ыйгарым укуктары бийлик бутактарынын үстүнөн басым жасоого шарттайт. Азыр өлкө башчысы баардык бийликтин өкүлдөрүнүн үстүндө турат. Мындан улам мамлекеттик органдардын арасында тең салмактуулук жоголот.

-Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары бир гана өлкөнү жетектебейт. Ал парламентке, соттук системага жана өкмөткө таасир берет. Бардык кабыл алынган чечимдерди президент аныктайт. Өкмөт эч кандай жоопкерчиликтүү чечимдерди өзүнө албайт. Парламент деле өлкө башчыга баш ийип турат. Буга чейин Алмазбек Атамбаевди укса, эми Сооронбай Жээнбековдун айткандарын колдоодо. Ошентип президент бардык бийлик бутактарынын башчысы. Бул бийлик бутактарындагы тең салмактуулук системасын бузат. Муну президент Сооронбай Жээнбеков жарандык активисттер менен жолукканда дагы өзүнө айтканмын. Ушундай эле сынды Бакиев, Отунбаеванын бийлиги учурунда дагы айтып чыкканмын.

Токтакунов мындай терс көрүнүштөн арылуу үчүн конституциялык реформага барыш керектигин белгиледи. Президент Башкы прокурорду, УКМКны көзөмөлдөп, алардын күчүн колдонуу менен хан болбой, күч органдары жана соттор көз карандысыз иштеши керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM