Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Бийлик бутактары система түзө алган жок

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Дек 2018 | 961 | 0

Коррупция менен күрөш жүрүүдө. Бийликте иштегендердин көпчүлүгүн жоопко тартса болот, анткени коррупция мамлекетсиз болбойт. Бизде экономика өнүккөн жок, бирок олигархтар көбөйдү. Мындай пикирин мамлекеттик жана коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Матубраимов 2018-жылы тышкы саясатта коңшу өлкөлөр менен болгон мамиле калыбына келтирилгенин, бирок экономика өспөгөнүн айтат.

«Сот реформасында эч кандай өзгөрүү жок. 2019-жылдын бюджети элди жыргатып кетпейт. Мамлекттик бюджетти бекитип жаткан Жогорку Кеңеш дагы татыктуу эмес. Баарын шылтап жатабыз. Ар бир бийлик бутагы милдетин толук аткарышы керек. Бийлик бутактары ыйгарым укугун бөлүп алып, жоопкерчилик алышы зарыл. Бирок алар система түзө алган жок. Жеке кызыкчылыгы, өздөрүн жактоо менен аракет кылып жатат», — дейт Матубраимов.

Ал буга кошумча, азыр мамлекеттик кызматкерлердин саны 10 эсеге көбөйгөнүн, алар бири-бирине кагаз жаратып өздөрүнө иш даярдап жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM