Биз менен байланышыңыз

Өлкөнү 25 жыл башкарган Лукашенко президенттик шайлоодо талапкерлигин коёт

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 1127 | 0

Беларусия президенти Александр Лукашенко 2020-жылы жай мезгилинде өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин коёт. Бул тууралуу өлкө башчысы 17-ноябрда билдирди.

Ал креслого жармашпай тургандыгын, ошентсе да, алдыдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин коёрун билдирди. Ошондой эле, эгер эл каалабаса анын талапкерлигин колдобой койсо болорун кошумчалады.

Лукашенко Беларусияны 25 жылдан бери башкарып келет. 65 жаштагы өлкө башчы 6-ирет президенттикке талапкерлигин коюуну пландап жатат.

ЕККУ жана ЕБ өлкөлөрү Беларусияда өткөн соңку шайлоолордун легитимсиз экендигин айтышкан. Дүйнө Лукашенкону «Европанын акыркы диктатору» деп атап келет.

Copyright © 2017 Maral FM