Биз менен байланышыңыз

ФИФА президенти Жанни Инфантино “Дордой” клубун чемпион болушу менен куттуктады

Кыска кабар , Спорт | 16 Ноя 2019 | 1054 | 0

Дүйнөлүк футбол уюму ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Бишкектин “Дордой” клубун өлкө чемпиону болушу менен куттуктады. Мындай билдирүү ФИФА жетекчиси Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматовго жолдогон катта айтылат. Бул тууралуу өлкөнүн футбол федерациясы кабарлады.

“Чындыгында, бул жетишкендик – көптөгөн кайдыгер эмес адамдардын маңдай-тер төккөн эмгеги экени талашсыз. Менин куттуктоомду команданын оюнчуларына, машыктыруучуларга, бүтүндөй жетекчилигине, техникалык жана медициналык курамга, ошондой эле команданын күйөрмандарына жеткирип койсоңуз кубанычта болом. Ушундай чечкиндүү аракет жана мотивиация берүү менен ишиңиздерди уланта бериңиздер.

Эл аралык футбол коомчулугунун атынан учурдан пайдаланып, биздин баарыбызды бириктирген футболдун мыкты сапаттарын жана таза оюнду жайылтууда көрсөткөн көмөгү үчүн «Дордой» футбол клубуна жана Кыргызстандын футбол федерациясына ыраазычылык билдирип кетем”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, “Дордой” футболдук клубу быйыл Кыргызстандын премьер-лигасын утуп, чемпион болду. Муну менен Бишкектик команда экинчи ирет удаасы менен жеңди. Жалпысынан тарыхында 11 жолу чемпион болушту.

Эми алар келерки жылы Азия футбол конфедерациясынын тайпалык оюндарында Кыргызстандын атынан катышат.

Copyright © 2017 Maral FM