Биз менен байланышыңыз

Президент банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 588 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда банк чөйрөсү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойной турганы айтылат.

Учурда орун алган жагдайда Кыргызстандын банк системасы экономиканы үзгүлтүксүз каржылоо, төлөмдөрдү жүргүзүү жана калкты акча каражаттары менен камсыз кылуу жагында үзгүлтүксүз иш жүргүзүп, өзүнүн туруктуулугун көрсөттү. 

Бүгүнкү күндүн шарттары заманбап технологияларды — банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү, мобилдик банкингди, электрондук төлөмдөрдү жана калкты аралыктан тейлөөнү өнүктүрүүнү жигердүү жайылтуу зарылдыгын дагы бир жолу айгинелеп турат, — деп айтылат куттуктоодо.

Өлкө башчысы ошондой эле, банк чөйрөсүнүн кызматкерлери ыкчам жана ийкемдүү чечимдерди кабыл алууну, жогорку кесипкөйлүктү талап кылган алдыдагы милдеттерди ийгиликтүү аткарарына ишеним билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM