Биз менен байланышыңыз

Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 16 Ноя 2019 | 602 | 0

Бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 61 жашка толду. Буга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

— Сиздин жетекчилигиңиздин астында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, регионалдык жана эл аралык иштерге активдүү катышууда. Сиздин, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууда аткарып жаткан иштериңиздерди жогору баалайбыз, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин кыргыз-орус мамилесинин күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди жана эриш-аркак диалогду улантууга даяр экенин тастыктады.

Орусия лидери Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакты-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM