Биз менен байланышыңыз

«Балдардын укугун коргоо багытындагы иш-чаралар жетиштүү деңгээлде эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2019 | 781 | 0

ЮНИСЕФ эл аралык фондунун балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу максатында демилгелеген улуттук чакырыгы абдан жакшы иш-чара. Анткени өлкөдө балдар көптөгөн зордук-зомбулукктарга учурап жатышат. Себеби ата-энелер баланын коопсуздугун камсыз кылуу, укугун коргоо боюнча жетиштүү түшүнүккө ээ эмес.  Бул тууралуу маалыматты Балдардын укугун коргоо лигасы коомдук бирикмесинин жетекчиси Назгүл Турдубекова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ата-энелер көп учурда балдардын укук маселесин акыркы орунга коюп келишет. Алардын балдарын жеке менчик катары караганы туура эмес. Анткени ар бар баланын укуктары жана эркиндиктери бар жана алар Конституция аркылуу корголгон.

Тийиштүү мыйзамдардын өзгөртүлүшү менен эски жылдарга салыштырмалуу балдарга жасалган зомбулуктар көбүрөөк ачыкка чыгып жатат. Бул жакшы көрүнүш, анткени, реалдуу абал ортого чыгып жатат.

Турдубекова мындан сырткары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көпчүлүк учурда той,-аш, юбилейлерди өткөрүү менен алек болуп, балдардын укугун коргоо багытындагы иш-чаралар жетиштүү деңгээлде уюштурулбай жатканын белгиледи.

«Ошондой эле, социалдык кызматкерлер жогорку деңгээлдеги адис катары эсептелбейт. Бизде коррупция, кадр маселелери бар. Алсак, жетим балдар үйүнүн жетекчисинин, балдардын укугун караган адистердин артында алардын кызычылыгын коргогондор бар. Аларды эч ким жоопкерчиликке тарта албайт», — дейт Турдубекова.

Айта кетсек, Марал радиосу UNICEF Kyrgyzstan менен биргеликте «Балдарды зомбулуктан коргоо» боюнча «Тумар Манифестин» колдоп, бүгүн РадиоМарафон өткөрүүдө.

Сиз дагы балдардын зомбулукка кабылышына каршы болсоңуз, анда онлайн петицияга кошулуу үчүн шилтеме аркылуу кирип, кыска анкетаны толтурууңузду өтүнөбүз:
https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/тумар-балдарды-коргоо

Copyright © 2017 Maral FM