Биз менен байланышыңыз

Саймаитини 1 млн 250 миң доллар үчүн өлтүрүшкөн

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 2629 | 0

Уйгур тектүү кытай жараны Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган Кыргызстандын эки жараны жана Сириянын бир жараны ишкерди 1 млн 250 миң доллар карызы үчүн өлтүргөнүн айткан. Бул тууралуу Түркиянын Сабах гезити жазып чыкты.


Саймаитинин өлүмү катылган сырларды ачты


Ал эми Түркиядагы Е24 сайты жазган маалыматка ылайык, жалданма киши өлтүргүчтөргө 1 миллион доллар төлөнүп берилген. Шектүүлөр Сирия аймагындагы конфликтке тийиштиги бар экендигин жана Идлибде согушкан «Аль Нусра» тобундагы чет элдик күч түзүмдөрүнүн катарында болгондугун жазышууда.

«Кыргызстандык эки жаран 2017-2018-жылдары Түркиянын аймагына Сирия тараптан кирген»,- деп жазды басылма. Ошондой эле, алар жасалма сириялык күбөлүктөрүн колдонуп жүргөндүгүн да кошумчалаган.


Саймаитини атууга шектелип Кыргызстандын эки жараны кармалды


Кармалган учурда алардын жандарынан Сирияга таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган.


ИИМ: Саймаити Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөн

Copyright © 2017 Maral FM