Биз менен байланышыңыз

Саймаитини атууга шектелип Кыргызстандын эки жараны кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 1594 | 0

Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде 10-ноябрда кечинде уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитини атып кетүүгө шектелип  Кыргызстандын эки жараны жана Сириянын бир жараны кармалгандыгын Sondakika.com сайты жазып чыкты.

Түрк полициясы окуя болгон жерге жакын жайгашкан камералардан 3 шектүүнүн ким экендигин жана колдонгон унааларын аныктап, Сирияга качууга аракет кылып жатканын аныкташкан. Андан соң, Аданадан жүргүзүлгөн атайын кармоо операциянын жыйынтыгында кыргызстандык Хусейин Ахматалиев, Абдуллах Энвер жана сириялык Али Исбех кармалган.


Саймаитинин өлүмү: Сопоковдун унаасы боюнча ТИМ билдирүү жасады


Сурак учурунда шектүүлөр Айеркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн жана ошондой эле, бул окуяда колдонулган транспортту Пендиктеги бир жерге жашыргандыгын билдиришкен.

Учурда шектүүлөр Аданадан Стамбулга алынып келинүүдө.

Эске салсак, Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих районундагы отелдердин биринде Айеркен Саймаитини атып кетишкен. Октон жаракат алган Саймаити ооруканага жетип каза тапкан. Түрк полициясынын маалыматында каза болгон жаран бажы иштерине байланыштуу ишкерлик кылары жана акыркы кездерде каржылык жактан көйгөйлөрү болуп келгени айтылат. Алдын ала божомолдор боюнча, ишкер Саймаитинин өлүмүнө  аласа-бересе маселелери себеп болушу мүмкүн.


Саймаитинин өлүмү: Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков кызматынан бошотулду


 

Copyright © 2017 Maral FM