Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Саймаити Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөн

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 963 | 0

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен издөөдө жүргөн Кытайдын жараны Айеркен Саймаити 1982-жылы туулган Кыргызстандын жараны Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген ID-карт жана чет элдик паспортторду колдонуп жүргөндүгү такталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Самятов Э.С.нин наамына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча ушул жылдын июлунда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 330-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А.га карата сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн жүрүшүндө Жазык кодексинин «Паспортту мыйзамсыз берүү», «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Документтерди жасоо» беренелеринин негизинде айып тагылган.

Кылмыш иши Жалал-Абад облусунун сот органдарына кароого жөнөтүлгөн.

Андан тышкары, Айеркен Саймаитиге карата Жазык кодексинин «Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун мыйзамсыз даярдоо, сатуу жана колдонуу» беренеси боюнча өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылдын 23-майында Кытайдын 1988-жылы туулган жараны Кыргызстандын  ички иштер органдарына Айеркен Саймаитиге карата тиешелүү чараларды көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Арызында 2016-жылдын 14-августунан 2017-жылдын 28-февралына чейин Ош облусунун Кара-Суу районундагы базардан алдоо жолу менен ишениминен кыянаттык менен пайдаланып, акча каражаттарын жана  3 млн 28 миң 168 долларлык элдик пайдалануудагы товарларды ээлеп алгандыгын көрсөткөн.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

2017-жылдын майында Тергөө бөлүмү тарабынан Айеркен Саймаитини айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылып, эл аралык издөөгө алынган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM