Биз менен байланышыңыз

Депутат Төрөкулов: Айеркен Саймаити менен 15 жылдан бери тааныш болгом

Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 1253 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов Стамбулда киши колдуу болуп өлгөн кытай жараны, ишкер Айеркен Саймаити менен 15 жылга жакын тааныш болгонун «Азаттыктын» журналистине берген интервьюсунда билдирди:

«Кара-Суу базарында иштеп калгам. Мына ошол базарда Кытайдан келген уйгур тектүү соодагерлердин дээрлик 90%ын тааныйм. Ошолордун катарында Айеркен Саймаити менен да чай ичип, жетелешип, мамиле кылып жүргөнбүз. Ал иши жүрүшкөн соодагерлердин бири болгондуктан, баары менен эле тааныш болгон«, — деди эл өкүлү.

Ошондой эле, ал Саймаитиге карата кимдер арыз жазгандыгы боюнча өзү айтып бергендигин жана ошого байланыштуу Кыргызстандан чет өлкөгө чыгып кеткендигин, бирок издөө иштеринин келечеги кандай уланганын Стамбулдагы окуядан кийин билгендигин айтты.

Мындан сырткары, ал Стамбулга барганда Саймаити менен жолугуп, жакшы эле мамиледе болгондугун жана аны 15 жылдан бери тааныш экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM