Биз менен байланышыңыз

Дүйшөн Төрөкулов Ош шаарынын убактылуу мэри болду

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 927 | 0

«Бир Бол» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде 13-катарда турган Дүйшөн Төрөкулов Ош шаарынын убактылуу мэри болду. Маалымат Оштогу митингди түз алып берип жаткан социалдык тармактагы видеолордон белгилүү болду.

Анын айтымында, Ош шаарына стабилдүүлүктү орнотуу максатында эл тарабынан шайланган.

Ошондой эле ал «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери, Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жакшы иштегендигин, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон лидер экендигин айтып, ал келсе сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мэрлик кызмат кимге насип болсо, ошого өткөрүп бере тургандыгын билдирди.

«Улуттар биримдиги» партиясынын лидери, Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов учуп келе жатат. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына учактын трабында турган сүрөтүн жүктөп: «Күтүп ал, сүйүктүү Кыргызстаным!» — деп жазды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM