Биз менен байланышыңыз

Дүйшөн Төрөкулов тергөө бүткөнгө чейин үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 630 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 10-марттагы чечимине ылайык, шектүү Дүйшөн Төрөкуловго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2021-жылдын 15-майына чейин узартылган.

Эске салсак, Төрөкулов Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен шектелип, УКМКнын кызматкерлери тарабынан 15-январда Ош шаарынан колго түшүрүлгөн.

Ал 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин жыйынына катышууда.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилери айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM