Биз менен байланышыңыз

Төрөбай Зулпукаров: «Айеркен Саймаитини өмүрүмдө көрбөгөм» (видео)

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 1981 | 0

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаровдун Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саймаити жана бул окуяга байланыштуу кызматтан бошотулган Эркин Сопоков менен кандай байланышы бар экендигин жана УКМКдан кылмыш иши козголгондон кийин жумуштан алынган мурдагы консулдун уулу Азамат Мамасалиевдин кантип депутаттын жардамчысы болуп калгандыгы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

«Эмне үчүн Стамбулдагы окуялардан кийин консулдун уулу Азамат Мамасалиев дагы фракциянын катчылыгынан кетүүгө арыз жазды?» деген Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунун суроосуна депутат Төрөбай Зулпукаров төмөндөгүдөй жооп берди:

«Биз кызматтан кетирген жокпуз, өз арызы менен кетиптир. Ал боюнча биз кийин угуп жатабыз. Кеткенден кийин жолугуп сүйлөшкөн жокпуз. Иштеп жүргөн убагында бир дагы жолу сөгүш алган эмес. Андыктан атасынын окуясынан кийин өзү кетти го«, — деди Зулпукаров.

Ошондой эле, эл өкүлү Эркин Сопоков маркум Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы болгондуктан тааныш болгонун, ал эми Айеркен Саймаитини өмүрүндө көрбөгөндүгүн, анын Кыргызстанда анча-мынча бизнес кылып жүргөндүгүн акыркы убакта Массалык маалымат каражаттарында көп сөз болуп жаткандыгынан эл катары билгендигин билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM