Биз менен байланышыңыз

«Ыраазымын» ырынын клибине беш-алты үй-бүлө катышат

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 432 | 0

 Шоу-бизнес чөйрөсүндөгү таланттуу ырчы, мыкты ырлардын аткаруучусу Султан Садыралиев «Маралга» чыгармачылыгындагы акыркы жаңылыктары тууралуу айтып берди.

Ырчы мырза:» Азыркы учурда «Ыраазымын» аттуу ырыбызга клип тарттырып жатабыз. Ырдын тематикасы, мазмуну  үй-бүлөлүк жашоо тууралуу болмокчу. Клипте ырдагы ойдун мазмунун чагылдыруу үчүн беш-алты үй-бүлө тартылат.  Негизгиси, клипти тартууда шоу-бизнеске аралашкан адамдарды тарткан жокпуз. Клиптен үй-бүлөдөгү жагымдуу атмосфераны, бактылуулукту, үй-бүлөнүн бекемдигин көрө аласыздар. Буюрса, жакынкы арада жалпы элибизге тартуулайбыз деген оюбуз бар», — дейт ырчы.

Copyright © 2017 Maral FM