Биз менен байланышыңыз

Улуттук тасма тартуу үчүн алгач ирет мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнөт

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 402 | 0

Кыргызстан мамлекеттик бюджеттен алгач ирет тасма тартуу үчүн акча бөлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев парламенттик уктурууда билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз тасмасын тартуу үчүн алгач ирет бюджеттен 30 млн сом каралган. Ага «Мыкты адамдардын жашоосу» аттуу сериал тартылат. Тасма Кыргызстандын жаш муундарын патриоттук жактан тарбиялоого күчтүү түрткү болорун белгилейт өкмөт башчы.

Кошумчалай кетсек, 2020-жылдагы мамлекеттик бюджеттен маданият жана спорт үчүн 3,1 млрд сом бөлүнгөн.

Copyright © 2017 Maral FM