Биз менен байланышыңыз

«Чек ара» коомдук бирикмеси: «37 гектар жерибиз талаш жерге айланды»

Коом | 13 Ноя 2019 | 1139 | 0

“Кыргыз-тажик чек арасындагы маселе өз убагында чечилбей жаткандыгы, кошуна өлкөнүн пайдасына иштеп жатат.” Мындай пикирди Баткен областынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана активистерден түзүлгөн “Чек ара” Коомдук Бирикмеси айтып чыкты. Алар чек араларды делимитация жана деморкациялоо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын кайра карап чыгуу суранычы менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашты. 

 

Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек араны бекемдөө багытында жоопкерчиликсиз жана чечкинсиз саясат жүрүүдө. Ушундан улам чек арага чектешкен аймактарда ок атышууга чейин жеткен чыр-чатактар кайталанууда. Мындай пикирин айтып чыккан “Чек ара” коомдук бирикмеси маалымат жыйынын өткөрдү.

Анда сөз сүйлөгөн Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Шаирбек Орозалиев Лейлек районунун Максат айылында 37 гектар Кыргызстандын жери болгонун, бирок бүгүнкү күндө такталбаган аймакка айланганын айтты. Ошондой эле, 16-сентябрдан бери кошуна өлкө бир тараптуу өз пайдасына чечип жаткан маселелерге токтолду:

-Максат айылында 37 гектар жер бар. Азыркы учурда “тактала элек аймак” деп айтышууда. Бирок 2018-жылга чейин ал жерди кыргыз чек арачылары кайтарып келген. Бүгүнкү күндө ал 37 гектар жерге тажик чек арачылары көзөмөл кылат. Мындан сырткары, Жака-Өрүк айылындагы жолдун 275 метр участогуна “лежачий полицейский” атайын тосмосу коюлган, бирок, кыргыз тараптан эч кандай чара көрүлгөн жок. Ал эми, 5-ноябрда “Кайрагач” көзөмөл-өткөрмө бекетине 50 метр жакын келип, “пост” куруу максатында вагондорду орнотушкан, ага да биздин бийлик тараптан эч кандай чара көргөн эмес.

Коомдук бирикменин мүчөлөрү жергиликтүү калктын атынан бийликке жазылган кат жана кайрылууларга жооп болбой жаткандыгын да кеп кылышты. Буга кошумча мамлекеттик чек араны тактоо боюнча түзүлгөн өкмөттүн комиссиясынын курамын кайра карап чыгуу жана курамга чыныгы иш билги адистерди кошуу сунушун баса белгилеп айтышты. Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевтин айтымында, бүгүнкү күндөгү комиссиянын иши жергиликтүү элди ынандырбайт:

-Мисалы, социалдык-экономикалык маселелер биринчилерден болуп чечилиши керек. Бул багытка тийиштүү адистерди коюу зарыл. Делимитация, демаркация маселеси боюнча комиссиянын курамына мекенин сүйгөн, картаны билген адамдар келсе, маселе чечилет. Көпчүлүк «талаш жер» деп бир тараптуу сүйлөп жатышат. Ал жерлер талаш эмес, кыргыздын жерлери. Союз тарагандан кийин Беловеж пущасындагы кол колган документтерди бүт дүйнө тааныган. Ошол чек араларды так билген адамдар бар. Тийиштүү адамдар коюлса, бул ок атпай эле чечилчү маселе. Тилекке каршы, Раззаковдун жанында отургандар картаны жакшы билбейт. Биздин эки райондун эли, Жеңиш Раззаков жетектеген комиссиянын ишине өтө нааразы.

Ал эми юрист Асхат Осмонов ЖКтин 2013-жылдагы токтомун эске салды. Анын белгилегенине караганда, ал кездеги өкмөт башчы өзүнүн милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарган эмес. Мунун жыйынтыгы менен ондогон үйлөр тажик жарандарына мыйзамсыз сатылып кеткен.

-25-декабрь, 2013-жылы ЖКтин токтому менен ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге бир топ милдеттер жүктөлгөн экен. Мамлекеттик бюджеттен сатылып кеткен же сатыла турган үйлөрдү көзөмөлгө алуу үчүн акча каражаты бөлүнмөк экен. Бирок, эч кандай жыйынтыктуу иш-аракет жүргөн эмес. Тескерисинче, бир эле айылдан тажик жарандарына 50 үй өтүп кетиптир. Тажик жарандары өздөрүнүн мамлекеттик каттоо кызматына барып, биздин жерде турган үйлөрдү каттатып алышыптыр. Бул, албетте, мыйзамсыз.

“Баткен районунун 3 айыл өкмөтү, Лейлек району толугу менен Кыргызстандан ажырап калуу коркунучунда турат!” Мындай пикирин айткан активист Бекназар Айталиев президент Сооронбай Жээнбковду чек ара маселесин жеке көзөмөлүнө алуусун суранды.

-Чек ара маселесин бир топ депутаттар жарым-жартылай көтөрүштү. Өкмөт болсо, бир күн тигилер менен жолугуп коюп эле, экинчи айда унутуп калат. Бул жерде айта турган нерсе, урматтуу президент Сооронбай Шарипович, токтомдордун толугу менен аткарылышын өзүңүздүн жеке көзөмөлүңүзгө албасаңыз, өкмөттүн да ЖКтин да муну кароого чамасы жетпей баратат.

Кошумчалай кетсек, 4-ноябрда Тажикистандын Исфара шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын атайын кызматтарынын, ошондой эле чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу жолугушуу болуп өткөнү кабарланган. Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда мамлекеттик чек араларды аныктоо жана тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иш-аракеттери үчүн шарттарды түзүүгө жардам берүү чечими кабыл алынган. Бирок, чек ара маселеси боюнча эки өлкөнүн атайын кызматкерлеринин жолугушууларын санап өтсөк, ондон ашат. Тилеке каршы, азырынча тиешелүү жыйынтык байкала элек.

Copyright © 2017 Maral FM