Биз менен байланышыңыз

«Шайлоо системасынын ачык иштөөсү БШК мүчөлөрүнүн адамдык сапатына көз каранды»

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 834 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-ноябрда, Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңыланган имаратына барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясына ылайык түзүлгөн Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борборунун ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

Президент бардык региондордо Борбордун программасын тең жайылтуу үчүн облустардагы жогорку окуу жайлар менен өз ара мамилесин камсыздоо боюнча пландарды колдоду. Борбордун иш-чараларынын бардык жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, электрондук окутууларды жүргүзүүдө салттуу форматтарды да, заманбап санариптик технологияларды да колдонууга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков БШК мүчөлөрү менен пикир алышууда саясий жана экономикалык тармактарда ачык жана калыс атаандаштык болгондо гана өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Ал БШКнын башкы милдети бардык деңгээлдеги шайлоолордун ачык-айкындыгын камсыздоо жана шайлоо системасынын платформасын туруктуу түзүү экендигин эске салды.

«Шайлоо системасынын ачык-айкын жана туура иштөөсү БШК мүчөлөрүнүн, аймактык комиссиясынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнөн жана адамдык сапаттарына көз каранды», — деди мамлекет башчысы.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM