Биз менен байланышыңыз

Ырчы Минюра Рахимжанова Кремлде ырдоого чакыруу алды

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 636 | 0

 

Шоу чөйрөсүндө эмгектенип келе жаткан жаш ырчы Минюра Рахимжанова чыгармачылыгындагы акыркы жаңылыктары тууралуу «Маралга» билдирди.

Берген маегинде: «Мен жайында Игорь Крутойдун мастер классында окугам. Крымда форумдар өткөрүлгөн. Ал жерде Сергей Жилиндин джаз жанрындагы мектебине өтүп калдым. Ошондо форумдун ачылыш жана жабылыш аземинде ырдап чыкканбыз. Аткарылган поппури ырлардын бардыгы джаз жанрында чыгарылган. Россиянын таланттуу солисттери менен биргеликте алардын арасында мен да катышкам. Жалпы 12 кыз элек . Эми болсо, ошондо чогуу ырдаган биздин топту 12-декабрда Кремлге чакырып жатышат. Сергей Жилиндин чыгармачылык кечесинде ырларыбызды аткарабыз»,-деди.

Copyright © 2017 Maral FM