Биз менен байланышыңыз

Ырчы Нурлан Насиптин эжеси чыгармачылыкка аттанды

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 753 | 0

 Ырчы Нурлан Насиптин   эжеси Элзада Насипбекова жаңы ыр жаздырып, кечээ туугандарынын тоюнда ырдап чыкты. Көп жыл ойлонуп жүрүп эжеси эми ырдоо чечимине келгендиги тууралуу ырчы мырза билдирди.»Эжем бала кезинен эле мектеп, район аралык музыкалык сынактарга катышып жүргөн. Музыкалык окуу жайга тапшырам деген ою ишке ашпай, башка кесипти аркалап калды. Андан кийин турмушка чыкты, үй-бүлөсү менен алек болду. Жолдошу каза болгондон кийин такыр эле ырдабай калган. Эжемдин буулугуп жүргөнүн байкап, атам, апам баш болуп, баарыбыз жаңы ыр жаздырууга көндүрдүк. Өзү да кызыгып, акыркы кезде аябай ырдагысы келип жүргөн билдирди. Кечээ туугандардын тоюнда эжем биринчи жолу жаңы ырын аткарып, элден сонун комплименттерди укту. Үй-бүлөбүз менен эжемдин ырдап баштаганына кубанып жатабыз. Буюрса, эжемдин чыгармачылыгын бардык тараптан колдоп беребиз», – дейт Нурлан.

Copyright © 2017 Maral FM