Биз менен байланышыңыз

Текебаев: «Ата Мекен жаңы лидерлерге муктаж»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Ноя 2019 | 708 | 0

«Ата Мекен» саясий партиясы жаңы, жаш лидерлерге муктаж. Бул тууралуу аталган партиянын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал азырынча алдыдагы парламенттик шайлоого катышары белгисиз экенин айтып, эгерде шайлоого барбай калса, партияны жаңы лидер башкарарын белгиледи:

-Аброй менен партияга кеңеш берүүгө болот. Бирок, түздөн-түз буйрук берүү кыйын. Биз буйрук бербей, баарына түшүнүү менен мамиле кылдык. Бекем тартип партиянын ынтымагын ыдыратат. Ийкемүү тартип адамдардын келип-кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт. Партия, фракцияларда аскердик тартипти орнотууга болбойт. Лидерлер муну эске алуусу кажет, — дейт Текебаев.

Анын айтымында, «Ата Мекен» 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышат. Илимий изилдөөлөргө ылайык, партия шайлоодогу 9 пайыздык босого баллдан өтөт. Эгерде партия парламентке өтпөй калса, көчө оппозициясына айланат.

Ал эми «Ата Мекендин» тизмесинде кимдердин болорун айтуу азырынча эрте экенин белгиледи.

— Эгерде партия парламентке өтүп калса көрөбүз. Шайлоочуларга убада беребиз, аны аткаруу үчүн көпчүлүк коалицияга киребиз. Анткени оппозицияда калсаң, элге берилген убадалар ортодо калат», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM