Биз менен байланышыңыз

Сузак: Массалык Манас айтуу учурунда портер жүрүп кетип, 29 окуучу жабыркады

Кыска кабар | 2 мая 2024 | 346 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бүгүн, 2-майда саат 13:30да Хюндай портер үлгүсүндөгү унаа 29 баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Аман Жолборсалиев «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында унаанын ичинде айдоочу болгон эмес, ал күтүүсүздөн от алып, окуучулар манас айтып жатканда өйдөдөн ылдый жүрүп, окуучуларды тебелеп кеткен. Аталган авто унаа Сузак районунун Жерге-Тал айылынын 48 жаштагы тургунуна таандык болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги 18 бала ооруканага жаткырылганын, алардын ичинен жетөө реанимацияга түшкөнүн, үчөөнүн абалы оор экенин билдирди.

Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев окуяны жеке көзөмөлүнө алып, дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

Милиция текшерүү иштерин баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM