Биз менен байланышыңыз

«Транспорт министрлигине козголгон 21 кылмыш иштин бири да сотко жеткен жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2019 | 460 | 0

Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупцияга өкмөттүн бардык органдары башын салып отурат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Эсеп палатасы 2016-жылы Транспорт министирлигиндеги мыйзам бузуулардын көлөмүн 253 млн сомго жеткенин айтып, Башкы прокуратура бул боюнча 21 кылмыш иши козголгонун билдирди. Бирок ошол иштин бири да сотко жеткен жок. Сотко жетпеген иш – соода менен бүткөн иш. Анда аудит жүргүзүп, текшерип, иш козгоонун эмне кереги бар?» -дейт Момбеков.

Эл өкүлү өкмөт курулган жолдордун кепилдик мөөнөтүн 3 жылга узатууга кызыкдар болгон эместигин да айтып өттү.

«Башка өлкөлөрдө жолдун кепилдик мөөнөтү айматкарга жараша ар түрдүү. Ал эми бизде жолдордун курулушу кечигип, кепилдик мөөнөтү бүтүп калууда. Жолдордун сапатын баалоодо мамлекеттик кызыкчылык болушу үчүн Экотехинспекциянын ичинде лаборатория болушу керек. Коррупциянын баары ушул жерде болуп жатат», — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM