Биз менен байланышыңыз

«Жол куруудагы баш аламандыктын артында өкмөттүн адамдары турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Ноя 2019 | 558 | 0

Талас-Тараз-Суусамыр жолунун III фазасы, тагыраагы 30 км жол 22 млн долларга бааланып тендерге коюлган. Тендерди түркиялык «Чакыр Япы» фирмасы 17,5 млн долларга утуп, кыргызстандык «Кыргыз Жол Курулуш» компаниясына 12,3 млн долларга берди. Ортодон эч бир техникасы жок түркиялык компания 5,2 млн долларды чөнтөгүнө салып койду. Мунун артында өкмөттөгү адамдар турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Бул боюнча айтып чыктык. Башкы прокуратура Талас-Тараз-Суусамыр жолун куруунун баасы 739 миң долларга көбөйтүлгөн деп кылмыш ишин козгоп, УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына берди. Финпол камады да, кайра чыгарып жиберди. Эмнеге? Демек, чоң акчага да… Булар 40 см грунтту алмаштырышы керек эле, бирок алмаштырган эмес. Биз ошол жерди көрүп, жумушчу топ түзүп, каражат максатсыз пайдаланылып, 1 млн доллар чыгарылып кеткенин айттык. Башкы прокуратурага азыркыга чейин иш козгобой турат», — дейт Момбеков.

Эл өкүлү мындан сырткары 2013-жылы Ташкент шаардык сотунун чечими менен «Чакыряпы» фирмасына эл аралык издөө жарыяланганын белгилеп, бирок фирма Кыргызстанга келип 2 тендерди утуп алганын сындады.

Copyright © 2017 Maral FM