Биз менен байланышыңыз

Ж. Акаев: Элдин эркин тандоосуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек

Саясат | 11 Ноя 2019 | 1095 | 0

Эл партияга добуш берип, анын ичинен өзүнө жаккан талапкерине добуш бере алат. Бул — преференциалдык шайлоо ыкмасынын негизги артыкчылыгы. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна депутат Жанарбек Акаев токтолду:

—  Электрондук добуш берүү аркылуу, биз преференциалдык шайлоо системасын ишке ашыралы деген оюбуз бар. Түпкү маңызы шайлоочу партияга добуш берүү аркылуу ал партиянын ичиндеги адамдарды тандоого мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Шайлоочулар азыр жалпы партияга гана добуш берет. Ал эми партиянын курамын партия лидери же болбосо саясий кеңеш гана аныктап коюп жатат. Элдер кийин парламентке кандай адамдар келип жатканына таңкалып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков сунуштап чыккан депутаттарды шайлоо ыкмасын  преференциалдуу кылуу боюнча 11-ноябрда Бишкекте тегерек стол болду. Иш-чаранын жүрүшүндө азыркы шайлоо системасына эл нааразы экендиги айтылып, аны оңдоо зарылдыгы боюнча талкуу жүрдү.

Кошумчалай кетсек, Шайлоо босогосун азыркы 9 пайыздан төмөндөтүү, күрөөгө коюлуучу акчанын суммасын төмөндөтүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM