Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Бүгүнкү жаштар шайлоо системасына нааразы

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 615 | 0

Бүгүн жаштар, карапайым адамдар шайлоо системасына нааразы. Анткени алар бүгүнкү шайлоо системасын адилетсиз деп эсептейт. Мындай пикирин саясатчы Өмүрбек Текебаев бүгүн, 17-декабрда саясий партиялардын шайлоо мыйзамдарын талкуулоо боюнча өткөн  жыйынында билдирди.

«Анткени, алар бийликке байлар гана келет экен дешет. Бийликтин же партиянын лидеринин көңүлүн таап, эптеп колтугуна кирип кеткендер гана келет экен деп ойлойт. Кимди алып келсек, «дагы деле ошолор» деп эл ынанбай жатат. Бул легитимдүүлүк жок дегенди билдирет. Мыйзам боюнча өткөрсөң да эл ишенбесе, ал чала жан бийлик болот. Элди ынандырыш керек. Бүгүн карапайым адамдар депутат болуп келсе, ошондо эл ишенет. Биз мына ошондой системаны камсыз кылып беришибиз керек», — деди Текебаев.

Ал ошондой эле саясий партия түзүүнү жөнөкөйлөштүрүүнү, жаштардын бийликке келүүсүнө шарт түзүүнү жана расмий шайлоо блогун түзүүгө уруксат берүү керектигине токтолду.

Copyright © 2017 Maral FM