Биз менен байланышыңыз

Ө. Текебаев: Жээнбеков колдобогон шайлоо системасы өтпөйт

Саясат | 11 Ноя 2019 | 3538 | 0

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эл каалаган шайлоо системасын киргизүү менен, чындыгында, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жаткандыгын далилдөө мүмкүн экенин айтат. Бирок анын кошумчалаганына караганда, азыркы бийликтин буга кызыктар экени күмөн:

Бүгүн эл талап кылып жаткан идеяны бийлик колдобосо өтпөйт. Бирок бүгүнкү бийлик буга кызыктар эмес. Эмне үчүн? Эгерде бүгүнкү система(преференциалдык) болуп калса партиядагы 120 талапкерлердин баары иштейт. Ошентип, оппозициялык же жаңы партиялардын шайлоодон парламентке келүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Бүгүнкү бийлик деген ким? Бүгүнкү бийликСооронбай Жээнбеков. Ал киши «мен парламентаризмди колдойм. Парламентаризм — негизинен, партиялардын ортосундагы конкреттүү система. Аны да колдойм» деп быйыл апрелде айтыптыр. Алтын сөздөр. Колдошубуз керек. Ошондо Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн койгон максаты коррупцияга каршы күрөштө реалдуу далил болот.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков сунуштап чыккан депутаттарды шайлоо ыкмасын  преференциалдуу кылуу боюнча тегерек стол болду. Ага эл өкүлдөрү, саясий партиялардын лидерлери жана жарандык активисттер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө азыркы шайлоо системасына эл нааразы экендиги айтылып,  аны оңдоо зарылдыгы боюнча талкуу жүрдү.

Кошумчалай кетсек, Шайлоо босогосун азыркы 9 пайыздан төмөндөтүү, күрөөгө коюлуучу акчанын суммасын төмөндөтүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM