Биз менен байланышыңыз

Баткен милициясы: Кылмыш жашырылган деген факты боюнча ички иликтөө башталды

Кыска кабар | 7 Ноя 2019 | 493 | 0

Баткен облустук милициясы башкы прокуратуранын аймактык милиция кылмышты жашырганы боюнча билдирүүсү тууралуу үн катты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди. Анын айтымында, ички иликтөө кечээ башталган.

Билдирүүдө айытылган окуялар 2019-жылдын январь жана июль айларында Кызыл-Кыя шаардык жана Кадамжай райондук ички иштер бөлүмдөрүндө катталган.

Турмуштук конфликттерден улам денесине залал келгендигин айтып кайрылган жергиликтүү тургундар боюнча аймактык ооруканалардан бизге маалыматтар келген. Милиция кызматкерлери чакырылган аймакка барышкан. Жабыркагандардын бири кулап кетип жаракат алганын билдирген.

Жогоруда айтылган фактылар боюнча милицияга берилген маалыматтар боюнча учурда ички иликтөө иштери башталды. Анда башкы прокуратура тарабынан айтылган маалыматтардыын баары такталат”, — деп Дамира Юсупова.

Эске сала кетсек, буга чейин башкы прокуратура Баткен облустук прокуратурасы милиция кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктиктүү реестрине каттоодон жашырылган кылмыш фактыны ачыктаганын билдирген болчу.


Баткен облустук прокуратурасы милиция жашырган кылмыш фактыны тапты


Анда денесинен жабыркаган 2 жаран ооруканага кайрылганы, аны жергиликтүү милиция жашырганы, натыйжада кылмышка шектүүл-рдүн аракеттерине укуктук баа берилбей калганы белгиленген.

Башкы прокуратура бул фактыны каттоого алып, тергөөнү жүргүзүү Улуттук коопсуздук комитетинин облустук башкармалыгына тапшырылганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM