Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда тоноочулук кылгандар Бишкекте колго түшүрүлдү

Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 564 | 0

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында болгон тоноочулукка шектелгендер колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

2020-жылдын 7-январь күнү саат 19.00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Ударник көчөсүнүн 51жаштагы тургуну өзүнө таандык ‘’Матиз 2’’ үлгүсүндөгү унаасы токтотуп, дарбазасын ачып жаткан учурда, белгисиз үч бала медициналык беткап кийип келишип, унаасынын арткы терезесин сындырып, кара түстөгү сумкасын жана ичиндеги 460000 (төрт жүз алтымыш миң) сом акчасын алып, изин жашырып качып кетишкен.

Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шаардык милиция жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн экөөсү Бишкек шаарынан кармалды.

Алардын бирөөсү мурда он жолу сот жообуна тартылган Талас шаарынын 37жаштагы тургуну, ал эми экинчиси 2 жолу сот жообуна тартылган Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну болуп чыкты. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM