Биз менен байланышыңыз

Баткен облустук прокуратурасы милиция жашырган кылмыш фактыны тапты

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 513 | 0

Баткен облустук прокуратурасы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктиктүү реестрине каттоодон жашырылган кылмыш фактыны ачыктады. Бул тууралуу башкы прокуратура бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта Кызыл-Кыя жана Айдаркен шаарындага аймактык ооруканаларга денесинен ар кандай жаракат алган К.З. жана М.А. аттуу эки жаран кайрылышкан.

Бирок, Баткен облустук милициясынын бул ооруканаларга бекитилген кызматкерлери өзүлөрүнө артылган түз милдеттерин аткарган эмес. Аларга сотко чейинки өндүрүшкө алууга жетиштүү себеп болгонуна карабстан алар кылмышты жашырууга аракет жасашкан. Анын натыйжасында азыркы күнгө чейин залал келтирген тараптардын аракетине мыйзам чегинде укуктук баа бериле элек.

2019-жылдын 1-ноябрында Баткен облустук прокуратурасы бул боюнча материалдарды кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алды. Тергөөнү жүргүзүү Улуттук коопсуздук комитетинин облустук башкармалыгына тапшырылган.

Мындан сырткары мурда жашырылган бейбаштык жана майда бейбаштык фактылары да кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Copyright © 2017 Maral FM