Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 11-кабаттан боюн таштаган кыз аман калды

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 1313 | 0

Бишкекте бир кыз шаардын чок ортосунда курулушу жүрүп жаткан турак үйдүн 11-кабатынан боюн таштап, аман калды. Окуянын күбөлөрү аны видеого тартып алышкан.

Бишкек милициясы кабарлагандай, окуя Бишкектин чок ортосундагы Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 11-кабаттан секирген кыз жумшак курулуш каражатынын (пенопласт) үстүнө түшүп, эсен калган.

Патрулдук милиция кызматкерлери кызды секиртпей сактап калууга аракет жасашып, натыйжа чыккан эмес. Тез жардамды да патрулдук милиция чакырган.

Учурда ал кыз оор жаракат менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылган.

Өз өмүрүнө кол салган кыздын аты-жөнү, жашы жана мындай өмүр менен өлүм ортосундагы кадамга барганы аныкталууда.

Copyright © 2017 Maral FM