Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Насыр Алмаматов АКШга же Европага чыгып кетсе, аны алып келе албайбыз

Күн чекит | 6 Ноя 2019 | 906 | 1

Милиция Бишкек шаардык Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин мурдагы директору Насыр Алмаматовго издөө жарыялады. Ал Бишкектин Октябрь райондук соту Алмаматовду 12,5 жылга камаган болчу. Бирок шаардык сот ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен аны эркиндикке чыгарган болчу. Бирок эркиндикке чыкканы талкуу жараткан эле. Учурда Алмаматовго карата издөө жарыяланды. Биз бул теманын тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев менен түз эфирден маек курдук.

Марал: —Бул иште ким жоопкерчилик алышы керек?

-Бул жерде соттордун чыгарган чечими бири-бирине каршы келген. Туура эмес чечимдердин артында башка дагы соттордун аттарына залакасы тийип жатат. Себеби бул иште райондук сот башка чечим чыгарса, шаардык сот дагы башка жыйынтыкты көрсөтүп жатпайбы. Анан Жогорку сот райондук сотту колдогону башкача кадам болуп жатат. Бул нерсе биз үчүн да түшүнүксүз болуп жатат. Мындан сырткары соттолгон адамга айып пулдун салынышы, ал кандай негизде салынды. Бул айып пул төлөндүбү же жокпу бул экинчи маселе да. Бул жерде ким кайсы жумушту аткарды, алар кандай чечим чыгарды? Ошол адамдар жоопкерчиликке тартылышы керек. Биринчиден, соттор чыгарган чечимдер дыкат каралып, укук коргоо органдары салган айып пул төлөнгөнбү? Ушул сыяктуу айдан ачык иштер бар. Болгону карап, тергесе эле күнөөлүүлөр чыгып калат.

Марал: -Насыр Алмаматов жөн жерден эле бошотулуп калбайт болчу да. Бул жерде башка саясий күчтөрдүн, адамдардын кызыкчылыгы болушу мүмкүнбү?

-Бул нерсени так айта албайм. Бирок бул жерде соттук реформа, кодекстерди кабыл алууда биз эң башкысы гумандуулукка басым жасаганбыз. Анда кылмышкерлерди же кылмышка шектүүлөрдү бир гана камоо жолу менен жоопкерчиликке тартпастан , башка жолдор менен кароо мүмкүнчүлүктөрү берилген. Мурун кылмышка шектүүлөр же коррупционерлер камалса, азыр мен жогоруда айткандай, система менен иш алып барылып жатат. 

Марал: -Учурда мамлекет тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат. Бирок бир жагынан буга окшогон иштер катталып жатат. Бул жакта кызыкчылыктардын кагылышы болбой элеби?

-Мен антип ойлобойм. Бул жерде болгону соттордун жоопкерчилиги, чечимдери каралышы керек болуп жатат. Ал эми кылмыш козголгон адамдарды кармоого келгенде укук коргоо органдары өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп турат. Бул боюнча да социалдык түйүндөрдө маселе көтөрүлүп, ар тараптуу пикирлер да айтылып жатат. Тилекке каршы Насыр Алмаматовдун бүгүнкү күндө каякта экени такталбаганы бизди өкүндүрөт. 

Марал: -Тандалма, шартка жараша өзгөргөн чечимдер соттун, атайын органдардын кайсы бир саясий күчтөргө көз каранды экендигинен кабар бербей элеби?

-Эл арасында соттор, укук коргоо органдары Ак үйдүн айтканын кылат деген пикирлер бар. Бирок мен айтар элем кудайдын жана мыйзамдын алдында, сотторго чоң жоопкерчилик жүктөлгөн да. Алар муну сезиши керек, туюшу керек болот. Бирок бардык эле соттор сатылма дегенге да кошулбайм.

Марал: —Эгерде Насыр Алмаматов чындап эле өлкөдөн чыгып кеткен болсо, аны кармап келүү канчалык реалдуу? Анткени кылмыш иши козголуп, бирок чет өлкөдө жашап жүргөн кызматкерлер бар да.

-Эгерде андай болуп кала турган болсо өтө өкүнүчтүү болот. Анткени Европа мамлекеттери же АКШда жаранды кайтарып берүү буга чейин бир да жолу болгон эмес. Эгерде КМШда же ЕАЭБдин алкагына кача турган болсо, анда алып келүүгө мүмкүнчүлүктөр болот.

Copyright © 2017 Maral FM