Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда кармалып турган кыргызстандык боюнча Жогорку Кеңеште айтылды

Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 2581 | 0

Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургуну Асылбек Каримовдун Тажикстанда кармалып турганы боюнча маселе Жогорку Кеңешке чейин жетти. Бул маселени депутат Таабалды Тиллаев көтөрүп чыкты. Тажик күч органдарынын аракеттери түшүнүксүз экенин депутат белгиледи. Жаранды тез арада бошотуп алуу боюнча Тышкы иштер министрлигине, тийиштүү органдарга тапшырмаларды берүүнү төрагадан өтүндү.

Документи жок чек арага кирген деген шылтоолор менен кармалганы айтылып жатат. Кыргыз-тажик эли кошуналаш болуп, бири-бирине каттап, базарларда соода-алака кылып эле жашап келет. Чек ара, документтик режим деген жок, болгон да эмес. Тажик тараптын бул аракети түшүнүксүз болууда. Протоколдук тапшырма берсеңиз, бул маселе боюнча кечке чейин кандайдыр бир маалымат алсак жакшы болот эле”, — деди депутат.

Тиллаев ошондой эле, акыркы маалда буга окшогон фактылар көп болуп жатканын, ошондуктан чек аралаш айыдардагы эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Эске сала кетсек, Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук айылынын тургуну, 25 жаштагы Асылбек Каримов 24-октябрда Тажикстандын Чорку айылына базарга азык-түлүк алганы кеткен бойдон үйүнө келген эмес.


Баткен: Тажикстандын базарына барган кыргызстандык үйүнө кайта элек (видео)


Жакындары, тарапташтары анын кайда экендигин билүү, Тажикстанда болсо, аны чыгарууга күч түзүмдөрүнүн жардам берүүсүн талап кылып жол тоскон.

Copyright © 2017 Maral FM