Биз менен байланышыңыз

Баткен: Тажикстандын базарына барган кыргызстандык үйүнө кайта элек (видео)

Кыска кабар | 26 Окт 2019 | 2772 | 1

Баткен районунун Орто-Боз айылынын 1985-жылы туулган тургуну Каримов Асылбек 24-октябрь күнү Тажикстандын Чорку айылындагы базарга күнүмдүк тиричилик үчүн азык-түлүк сатып алганы барган жеринен Тажикстандын милициясы тарабынан кармалган. Бул факт боюнча Каримов Асылбектин жакындары кыргыз милициясына билдиришкен. Баткен районунун милициясы: «Тажик тарапка кат жаздык. Жообун күтүп жатабыз»,- деп жооп берген. Бул тууралуу Орто-Боз айылынын тургундары билдирди.

Учурда Баткен районунда жергиликтүү эл бул окуя боюнча чогулуп, кармалган жаранды тез арада бошотулушу боюнча тийиштүү чараны көрүүнү талап кылышууда.

Бул боюнча тиешелүү органдар расмий билдирүү тарата элек.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM