Биз менен байланышыңыз

Чек араны тактоого жана Баткенди өнүктүрүүгө Өкмөт 2020-жылы канча каражат бөлдү?

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 990 | 0

Депутат Таабалды Тиллаев чек араларды делимитация жана демаркациялоо масалесин Жогорку Кеңеште дагы көтөрдү.

Депутат чек араларды аныктоо иштерине жана Баткен облусун өнүктүрүүгө 2020-жылдын бюджетинде канча каражат бөлүнгөнүнө кызыкты.

Буга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жооп берип, 2012-жылы мамлекеттик программа кабыл алынып, жолдор салынып, чек арадагы айылдарга электр чубалгыларын жеткирүү аткарылганын билдирди. Учурда экинчи этап боюнча аракеттер көрүлүп жатканын Разаков белгилейт.

“Учурда өзгөчө статусу бар чек ара айылдарын өнүктүрүү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабы ишке ашырылып жатат. Программа 2018-2020-жылга пландалып, 33 иш-чара каралган. Бул үчүн 296 млн сом каралган”, — деди вице-премьер.

Copyright © 2017 Maral FM