Биз менен байланышыңыз

«Напарниктер 2» кинокомедиясы уланат

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 1048 | 0

Ар дайым башына балээ издеген Белек айылдык милиция кызматкери болуп эмгектенет. Өзү абдан күчтүү, эрктүү жана адилеттүү. Бирок ошол эле учурда эпсиз жана кичине жүдөө келет. Баары Белектен тажаган үчүн, жакынкы убакытта которууну чечишкен. Ал кызматын өткөргөн соң, Бакыт деген тажрыйбалуу кызматкер болуп көп жылдан бери эмгектенген тууганынын бөлүмүнө которулат. Эң кызыктуусу, Белек жана Бакыт мурда чогуу иштешип, жакшы эмес мамиледе калышкан. Эми Белек келген соң, маселенин баары Бакыттын башына түшүп, кызыктын баары башталат.

Бул тасманын башкы каармандары Жеңиш Майрамбек уулу, Бакыт Осмонканов, Темирлан Сманбеков, Назбийке Айдарова жана Азиз Мурадилаев болушат.

Тасма 7-ноябрдан баштап бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM