Биз менен байланышыңыз

Тез жардам унаасы менен эки машина кагышкан окуя иликтенип жатат

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 424 | 0

Кечээ Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде тез жардам автоунаасы менен Mercedes жана Suzuki үлгүсүндөгү эки жеңил машина кагышкан. Медициналык тез жардам борборунан кабарлашкандай, жол кырсыгынан бир киши менен эки бала жабыркаган. Алардын бирөөнүн абалы оор.

Кырсыктын сурөттөрү социалдык тармактарга чыкты. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя кечээ саат 18:00дөр чамасында Москва менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Милициянын алдын ала берген маалыматына ылайык, эки киши жаракат алып, бир нечесин тез жардам кызматы алып кеткен.

Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM