Биз менен байланышыңыз

Кыш мезгилинде электр энергиясына чектөө болбойт

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 452 | 0

Күз-кыш мезгил аралыгында электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу Улуттук Энергетикалык Холдинг компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн ушул жылдан 14-октябрындагы «2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине карата калкы жана экономика тармактарынын даярдыктарынын жүрүшү тууралуу» токтомуна ылайык, чектөөлөр өткөн жылдын керектөөлөрүн эсепке алуу менен көбүрөөк көрсөтүлгөн. Бул маалымат негизинен, аталган убакытка электр энергиясын керектөө көлөмү боюнча билдирүү калтырган мекемелерге тиешелүү.

Copyright © 2017 Maral FM