Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Ооганстандын Өкмөт башчысы менен жолукту

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 433 | 0

Бүгүн, 1-ноябрда Ташкентке иш сапары менен барган Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Ооганстандын Өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен жолукту.

Жолугушууда Абылгазиев Кыргызстан Ооганстан менен кызматташууга дайым даяр экендигин билдирип, эки тараптуу кызматташууну жаңы баскычтарга чыгаруу максатында Кырызстанда жолугушуп жаңы келишимдерди түзүүгө чакырды.

Өз кезегинде Абдулла Абдулла Кыргызстан менен кызматашууга дайыма даяр экендигин айтып, учурдагы Ооганстандыгы абалга байланыштуу эки тараптуу кызматташуу тиешелүү деңгээлге жетпей жатканына өкүнө тургандыгын билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM