Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда кармалып жаткан баткендик Асылбек Каримов үйүнө келди

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 1047 | 0

Тажикстанда кармалып жаткан кыргыз жараны 24 жаштагы Асылбек Каримов толук 7 күндөн соң Кыргызстанга чыгарылып, үйүнө келди. Бул тууралуу анын бир тууган агасы Самат Каримов “Маралга” билдирди.

Кечээ түнү аны кыргызстандык чек арачылар алып келишкен.

Кечээ түнү келди. Чек арачылар алып келишти. Азыр эс алып жатат. Эң башкысы аман-эсен келди. Үй-бүлөсү, жакындары кубанып жатабыз”, — деди Абдисамат Каримов.

Асылбек 24-октябрда Чоркуга сабиз-пияздын баасын көргөнү барып, базарда жүргөн жеринен тажик милициясынын 6-бөлүмүнүнү кызматкерлери кармап кеткен. Ага кабатыр болуп жакындары коомчулукка, бийликке кайрылышкан.

Жыйынтык чыга бербегендиктен, 27-октябрда Абдисамат Орто-Боз айылынын бир нече тургундары менен кошо Ош-Исфана жолун буушуп, Тажикстанга кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткан Асылбекти табууга, аны бошотууну тийиштүү жетекчилерден талап кылышкан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM