Биз менен байланышыңыз

Кайрадан ишке кирген патрулдук милиция

Коом | 5 Ноя 2019 | 531 | 0

Бишкекте Патрулдук милиция ишин баштады. Буга байланышкан салтанат бүгүн, 31-октябрда өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Аны менен катар президент кайгуул кызматынын жумушун көзөмөлдөгөн командалык борбордун ишмердүүлүгү менен да таанышты. Жаңы кызматка киришкен 262 кызматкер шаар тургундарынын коопсуздугун жана жол кыймылын көзөмөлгө алат. Бул тажрыйба бүт Кыргызстанга жайылтылары айтылууда. Аталган кызматтын ишмердүүлүгү кандай жүрөт? Өзгөчөлүгү эмнеде?

 

Ички иштер министрлигин реформалоонун  негизги багыттарынын бири — кайгуул кызматын түзүү болгон. Жаңы Патрулдук милиция өзүнө Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана эски Патрулдук-нөөмөт кызматынын функцияларын камтыйт. Бүгүн аталган кызматка старт берилип, салтанаттуу иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Өлкө башчысы акыркы күндөрү милиция кызматкерлерине, айрыкча “маичилерге” карата нааразычылыктар көбөйгөнүн белгилеп, жаңы кызмат элдин милицияга болгон ишенимин кайтарат деген ишенимин айтты.

-Патрулдук милиция — мамлекет менен граждандык коомдун биргелешип жасаган ийгиликтүү долбоору. Бул кызмат Ички иштер министрлигин реформалоонун  негизги багыттарынын бири. Азыр башкы талап — бул коомдук тартипти сактоо, жарандар менен эффективдүү мамиледе болуу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, алар менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту бекем сактоо. Эң башкысы — жарандардын милицияга карата ишенимин кайтаруу.

Жаңы Патрулдук милициянын ишиндеги башкы принциптер:

— адамдарга сый-урмат менен мамиле жасоо

— коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу

— коомдук коопсуздукту сактоо боюнча натыйжалуу жумуш

— жарандардын милициянын ишине болгон ишенимин жогорулатуу болуп саналат.

Муну менен катар жаңы ПМдин өзгөчөлүктөрү катары бардык кызматкерлер ачык-айкын конкурстук тандоодон өткөнүн, жаңы кызматкерлердин 30%га жакыны милицияга биринчи жолу келген жарандар экенин айтса болот.  Бул тууралуу жол коопсуздугун реформалоо боюнча эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов айтып берди.

-Биринчиден, кайгуул кызматтын жаңы стандарттары жана милициянын ишин баалоо иштелип чыкты. Патрулдук милициянын айлык акысы дээрлиик 100 пайызга көтөрүлдү. Жаңы Патрулдук милиция үчүн жаңы автомобилдер, мобилдик планшеттер жана атайын каражаттар сатылып алынды. Кызматкерлер ачык-айкын конкурстук тандоодон өтүштү. Жаңы кызматкерлердин 30%га жакыны милицияга биринчи жолу келгендер.

Ибраимов буга кошумча Патрулдук милициянын ишине ар дайым туруктуу негизде антикоррупциялык мониторинг жүргүзүлөрүн жана аталган кызматтын иши жарандар менен сезилээрлик даражада тыгыз байланышта болоорун белгиледи.

Патрулдук милиция менен катар санариптештирилген командалык борбор ишин баштады. Аталган борбор жорук жана кылмыштарды ыкчам чечүү багытында жарандардын коомдук жайларда коопсуздугун камсыздоо, видео-байкоо системасы аркылуу издөөдө жүргөн адамдарды аныктап таап чыкканга багытталган. Буга кошумча командалык борборго милиция кызматкерлеринин төшүнө тагылган видео-байкоо системасы аркылуу реалдуу убакта болуп жаткан кырдаалды кабыл алат.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 60 камера орнотулганын, жалпы 1000 камера орнотуу пландалганын айтып берди. Муну менен катар командалык борбор кайгуул кызматынын иш аракетин толук көзөмөлгө аларын белгиледи.

-Бул борбордук командалык пункт, ишин баштаган милициянын кайгуул кызматынын, Бишкек шаарында иштеп жаткан ИИМ кызматкерлеринин иштерин көзөмөлгө алып, баардык буйруктарды берип, башкарып турат. Жаңы кызмат транспорттук каражат, керектүү болгон заманбап жабдыктар менен жабдылып, борборубуздун эки районунда ишин баштады. Бүгүнкү күндө долбоордун алкагында 60 видео-камера орнотулган, жалпы 1000 көзөмөл камера орнотуу пландалган.

Жунушалиев мындан сырткары аталган долбоорду ишке ашырууда 197 миллион жумшалганын, жалпы 387 миллион каралганын кошумчалады.

Патрулдук милицияны түзүү бул – жалпы милициянын ишин жакшыртуу боюнча стратегиялык багыт болуп саналат. Мындай патрулдук кызматты Бишкектен соң 2020-жылы Ош шаарында, ошондой эле өлкөнүн башка шаарларында дагы түзүү пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM